• 87
  • 91.26
  • 0.84

"Каракол" тоо лыжа базасынан көз жоосун алган сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. "Каракол" тоо лыжа базасы Кыргызстандагы кыш мезгилинин эң кооз эс алуучу жерлеринин бири болуп саналат. Ал 1980-жылы иштеп баштаган, ал эми 2004-жылдан тарта дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан туристтерди жана конокторду кабыл алып келет.

“Каракол” тоо лыжа базасы Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Совет доорунда ал СССРдин олимпиадалык курама командасынын машыгуучу жайы катары колдонулган.

Курорттун администратору Улукбек Алмабеков белгилегендей, базада төрт лыжа лифттери бар: балдар үчүн, панорамалык, батыш жана майрамдык. Дагы биринин курулушу жүрүп жатат, ал кийинки жылы даяр болот.

"Каракол" тоо лыжа базасы 4 миңге чейин адамды тейлей алат. Бул жылы коноктордун ыңгайлуулугу үчүн балдар лифтинин жанында жана панорамалык аянтчада жаңы ресторандар курулган. Биздин туристтер ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Германиядан, Голландиядан, Казакстандан жана башка өлкөлөдөн келишет”,-деди ал.

Лыжа трассаларынын узундугу 20 километрге чейин жетет. Алар тажрыйбалуу лыжачылар үчүн да, үйрөнчүктөр үчүн да ыңгайлуу. Эңкейиштердин узундугу 400 метрден 3,5 чакырымга чейин, бийиктигинин айырмасы 800 метрди түзөт.

Жаратылыш койнундагы эс алуу жайы деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте орун алып, эң жогорку эңкейиш 53%ке жетет. Кышында тоо боорунда лыжа тебүү сезону ноябрь айында башталып, апрелге чейин созулат.

Каракол лыжа базасы бүт үй-бүлө үчүн кышкы Кыргызстандын кооз көрүнүшүн айкалыштырган көңүлдүү эс алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий