Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Караколдо 15 жаштагы өспүрүм кыз көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-августта Каракол шаардык пляжында көлгө 2005-жылы туулан кыз киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине үч куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий