• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Караколдо имараттын 5-кабатынан секирген өспүрүм кыз аман калды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында имараттын 5-кабатынан секирген өспүрүм кыз аман калды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 13-декабрда саат 23:00дөр чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кабаттан секирген кыз реанимацияда жаткандыгы тууралуу маалымат облустук ооруканадан келип түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 5-кабаттан боюн таштаган өспүрүм 16 жаштагы кыз экендиги аныкталган. Учурда окуянын себеби иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий