• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Караколдо кытай жарандарынын эл аралык трансулуттук кылмыштуу тобу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Каракол шаарында киберкылмыштуулук жана кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган топко Кытайдын 13 жараны кирип, алар атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин кылдаттык менен жашыруу аркылуу эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүшкөн. Алдамчылык аракеттер Кытай, Гонконг жана Малайзияда жашаган кытай жарандарынын арасынан потенциалдуу жабырлануучуларды "этап-этабы менен" иштеп чыгуу жолу аркылуу жасалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалган персоналдык компьютерлер, мобилдик аппараттар (50 бирдиктен ашык), кытай банктарынын ар кандай карталары (50 бирдиктен ашык), жергиликтүү мобилдик операторлордун сим-карталары алынды.

Алынган компьютерлердеги маалыматтарды изилдөөнүн натыйжалары чет өлкөлүктөрдүн укукка каршы аракеттерин тастыктайт. Тактап айтканда, курулган ишенимдүү мамилелердин негизинде алдоо жолу менен башка бирөөнүн активдерине ээ болуу максатында потенциалдуу курмандыктар менен байланышты түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган аракеттердин кадамдык алгоритми менен психологиялык жактан иштетиле турган адамдардын тизмеси, нускамалар аныкталган.

Аталган чет өлкөлүк жарандар КР аймагына турист катары келишип, бирок иш жүзүндө миграциялык мыйзамдарды бузуу менен мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөн.

Аталган факт боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине маалымдалып, кармалган кытай жарандары жана буюм далилдери тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн расмий түрдө Кытай тарапка өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий