• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Караколдо мугалимдерге алгачкы “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарындагы STEM сабактары боюнча мугалимдерге “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, калаадагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өткөрүлгөн салтанаттуу жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да катышты.

Караколдогу мектеп мугалимдерине тапшырылган 192 ноутбук “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктардын алгачкы партиясы болуп саналат. Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата-мекендик ноутбуктардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигине Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүү жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий