Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Каракол шаардык ичк штер башкармалыгы мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу боюнча кылмышты аныктады.
Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, милицияга Пристань Пржевальск айылында белгисиз адамдардын мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенгендиги тууралуу билдирүү түшүп, ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталган.
Натыйжада Пристань Пржевальск айыл аймагында мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген алты тургун белгилүү болгон. Алардын турак жайларына мыйзам чегинде тинтүү жүргүзүлүп, 20 сига лудога балыгы, 1 форель, 8 карась, 1600 метр синтетикалык тор, 3 кайырмак, 1 мотолодка жана 1 катер далил зат катары алынган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Пристань Пржевальск айылынын тургуну 1980-жылы туулган А.В. шектүү катары аныкталып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жогоруда алынган далил заттын арасынан А.В.га 9 сига лудога, 1 форель жана 11 мүшөк тор тиешелүү.
Тергөө амалдары уланууда.
Пикир
Оставить комментарий