• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген 15 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Каракол шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйнтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен канааттандырылып, 14 млн 850 миң 140 сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий