Караколдо "Салафия" салттуу эмес диний агымынын мүчөлөрүн издөө иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. "Салафия" салттуу эмес диний агымынын мүчөлөрүнө карата издөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Каракол шаарында “Салафия” салттуу эмес диний агымынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө салттуу эмес диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн даректеринде сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ок-дарылары менен ок атуучу курал, диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, компакт-дисктер жана уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынды жана процессуалдык негизде документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, табылган диний материалдар боюнча теологиялык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий