• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу IV этно фестивалынын алкагында өткөн кароо -сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы" жана "Этно мода" сынагында 1-орундарды камсыздашса "Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт" сынагында 2-орунга татып, акчалай сыйлыка татышты.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Улут баскан улуу жол" аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Колөнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий