• 87
  • 89.68
  • 0.84

Караколдо турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Караколдо турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда саат 13:56да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттүн жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кошумча дагы саат 14:05те 2-күжүрмөн эсеп тартылды.

Куткаруучулардын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында саат 14:56да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий