• 87
  • 90.41
  • 0.84

Каратаев: Өлкө боюнча медицина кызматкерлерин ташууга миңге жакын транспорт тартылды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Өлкө боюнча медкызматкерлерди жумушуна ташуу үчүн 1 миңдей унаа тартылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, айрым дарыгерлер иштеп жаткан жеринен чыккан жок.

"Өлкө боюнча 1 миңдей унаа медкызматкерлерди ташууда. Негизинен алар Бишкек, Ош шаарларында. Биринчи күндөн тарта Сузакта изолятордо иштеп жаткан дарыгерлер эч жакка чыкпай турган болду. Алар 14 күн ошол жерде болот. Ошондой эле Сузак, Ноокат райондорунда медкызматкерлер үйүнө да барбай иштеп жатат", - дейт ал.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 339га жетти. Алардын ичинен 51и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 44 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий