• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстандын каратэ-сётокан боюнча курамасы эл аралык мелдеште 16 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/.Кыргызстандын каратэ-сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү "Murakami Cup" эл аралык мелдешинде жалпы 16 медаль (9 алтын, 5 күмүш, 2 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 18-20-октябрь күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында болуп өтүп, Кыргызстандын атынан 30 спортчу катышты.

Алтын медалдын ээлери:

  • Эмирлан Рабшанов (8-9 жаш, кумитэ 35 кг);
  • Атабек Эсеналиев, Адил Майрамбеков (8-9 жаш, командалык оюндар);
  • Ясмина Жолоева (8-9 жаш, кумитэ 30 кг);
  • Жанер Майрамбеков (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
  • Самуил Койчубеков (16-17 жаш, кумитэ +60 кг);
  • Батырхан Мукайбеков (18-20 жаш, кумитэ 65 кг);
  • Абдибек Апсатаров (21-39 жаш, кумитэ 75 кг);
  • Нурлан Асанов (45-49 жаш, кумитэ АБС);
  • Мирлан Утуров (45-49 жаш, ката).

Күмүш медалдын ээлери:

  • Атабек Эсеналиев (10-11 жаш, кумитэ -30 кг);
  • Наима Эркинбекова, Канышай Жыргалбекова (10-11 жаш, командалык оюндар);
  • Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш, ката);
  • Арууке Эргешова, Айбийке Камалова (12-13 жаш, командалык оюндар);
  • Жаңылмырза Корчубекова (16-17 жаш, ката).

Коло медалдын ээлери:

  • Эдилбек Сулайманов, Азирет Муканбетов (10-11 жаш, командалык оюндар);
  • Кенжегүл Кыдыралиева (60-65 жаш, кумитэ АБС).

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Иннокентий Ан жана машыктыруучулар Мирлан Утуров, Кенжегүл Кыдыралиева жана Абдибек Апсатаровдун жетекчилиги астында катышты.

Пикир

Оставить комментарий