КарГИД. Кымыз менен ден соолукту чыңдай турган жайлардын тизмеги

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кымыз менен дарылоо - Кыргызстанда бээнин сүтү менен айыктыруучу уникалдуу ыкма.

Кымыз – көптөгөн ооруларды дарылоодо, ошондой эле жаракаттардан, операциялардан кийин реабилитациялоо мезгилинде жана жөн гана ден соолукту чыңдоо үчүн колдонулган баалуу азык. “Кабар” агенттиги кымыз менен ден соолукту чыңдай турган жайлардын тизмегин сунуштайт.

“Жума” эко-мейманканасы

“Жума” кымыз менен ден соолукту чыңдай турган эко-мейманкана болуп саналат. Бул жайдан сизге күнүнө 5 маал бээнин сүтү берилет. Жогорку котегориядагы дарыгерлер кызматта болот. Күнүнө үч маал тамак берилет.

  • Баасы: күнүнө 2500 сом
  • Дареги: Туюк капчыгайы
  • Байланыш телефону: 0555468589

“Байтерек” кымыз менен дарылоо жайы

“Байтерек” кымыз менен ден соолукту чыңдай туган уникалдуу жайлардын бири. Анда күнүнө 5 маал бээнин сүтү жана бир маал саамал кымыз берилет. Үч маал тамагы да кошулган. Сиз бул жайда эс алам десеңиз стандарттык жана эки кишилик бөлмөлөрдү алсаңыз болот.

  • Баасы: күнүнө 1700-2200 сом
  • Дареги: Тегирменти айылы, Чоң-Кемин
  • Байланыш телефону: 0703220530

Саамал кымыз

Саамал кымыз ичүүнү кааласаңыз Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынан да тапсаңыз болот. Ал жерде бээнин сүтү күнүнө 5 маал берилет. Бөлмөлөрдө бардык шарттары бар. Таза тоонун абасы менен дем аласыз.

  • Баасы: күнүнө 1000 сом (тамак-аш берилбейт)
  • Дареги: Ысык-Ата району, Алмалуу айылы
  • Байланыш телефону: 0705871305

“Сейил” кымыз менен дарылоо жайы

Эгер сиз Бишкек шаарына жакын жерде кымыз ичем десеңиз, анда “Сейил” кымыз менен ден соолукту чыңдоо жайына барсаңыз болот. Ал жерде күнүнө 5 маал бээнин сүтү берилет. Үч маал тамагы бар.

  • Баасы: күнүнө 2500 сом
  • Дареги: Чуңкурчак тракт
  • Байланыш телефону: 0708008532

“Ысык-Ата” кымыз менен дарылоо жайы

“Ысык-Ата” кымыз менен ден соолукту чыңдоо жайы күнүнө 5 маал бээнин сүтүн берет. Бул жай табияты кооз жерде жайгашкан. Абасы таза, жайлуу жер. Бөлмөлөрдө бардык шарт каралган.

  • Баасы: күнүнө 900 сом (тамак-аш берилбейт)
  • Дареги: Ысык-Ата району, Ичке-Суу айылы
  • Байланыш телефону: 0700005303.

Эс алууңуз көңүлдүү өтсүн!

Пикир

Оставить комментарий