KarГИД. Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайлардын баалары жана даректери

Коом 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл кооздугу менен гана эс алуучуларды өзүнө тартып турбастан, санаториялык-курорттук зоналары менен да туристтердин оозуна алынып, таанылып келет. Бул ирет "Кабар" агенттиги KarГид аркылуу убакытты ыңгайлуу жана кызыктуу өткөрө ала турган санаторийлердин жана пансионаттардын тизмесин сунуштайт.

“Кыргызское взморье” санаторийи

"Кыргызское взморье" санаторийи 850 кишини кабыл ала турган Ысык-Көлдөгү алдыңкы курорттордун бири. Санаторийдин майда кумдуу пляжы бар. Курорттук комплекстен эс алуучулар дарылоо процедураларын алса болот. Көз жоосун алган фонтандар, барлар, караоке, кафелер, кинотеатр, гүлзарлар, жайкы бий аянтчасы, спорт аянтчалары бар.

Эгер Бишкектен "Кыргызское взморье" эс алуу жайына сапар тартсаңыз жолдун узактыгы 4 саатка чамалайт.

  • Эс алуучулар үчүн баалар: 2 миң 100 сомдон 25 миң сомго чейин.
  • Баасына үч маал тамак жана комплекстүү дарылоо кирет.
  • Дареги: Бостери айылы, Акматова аллеясы 4а
  • Байланыш телефону: 0550099013

"Чолпон-Ата" санаторийи

"Чолпон-Ата" санаторийи — жыл бою кызмат кылат. Мында 50дөн ашык ден соолукту чыңдоочу процедуралар жасалат. Ошондой эле термалдык-минералдык бассейни, конференц-залы жана өзүнүн пирси бар. Сейилдөөгө ылайыкталган чоң жашыл зонасы бар. Пляжы кумдуу, шезлонгдор жана кол чатырлар менен жабдылган.

  • Суткалык баасы: 2 миң 500 сомдон 40 миң сомго чейин.
  • Баасына үч маал тамак жана комплекстүү дарылоо кирет.
  • Дареги: Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү 131.
  • Байланыш телефону: 0559999222

"Алтын Булак" пансионаты

"Алтын Булак" пансионаты Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги курорттук аймакта жайгашкан. Эс алуу борборунда 2-4 кишилик бөлмөлөр бар. Бардык шарттары менен бой үйлөр да эс алуучуларды кабыл алат. Кумдуу пляжына шезлонгдор орнотулган.

Комплекстин аймагында унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана батут бар. Көлдүн суусу менен жылытылган бассейн да иштейт. Эс алуу жайында үч маал тамактануу каралган. Пансионаттын аймагында алкоголдук ичимдиктерди колдонууга жана сактоого тыюу салынат.

  • Баасы бир күнгө: 7 миң 900 сомдон 17 миң 400 сомго чейин.
  • Дареги: Сары-Ой айылы, Озерная көчөсү, 1а/13
  • Байланыш телефону: 0555211053;

"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи

"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясы Кыргызстандагы эң популярдуу курорттук-дарылоочу комплекстердин бири. Аймакта ар кандай категориядагы бөлмөлөрү бар 4 имарат жайгашкан. Ошондой эле өз ашканасы иштейт. Чолпон-Ата ылай кендери жана минералдык суу булактары эс алуучуларга кызмат кылат.

  • Баалары бир күнгө 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин
  • Дареги: Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү 2а
  • Байланыш телефону: 0708771088;

"ОлолоАкЖол" пансионаты

“ОлолоАкЖол” – Кыргызстандагы биринчи коворкинг курорт. Пансионатта көлөкөлүү аллеялары бар чоң парк жайгашкан. Эс алуу үчүн отургучтар жана селкинчектер менен жабдылган чоң кумдуу пляж, чоң пирс, кайыктар, катамарандар, банандар, парашюттар жана моторлуу кайыктар бар.

  • Баасы 4 миң 600 сомдон 15 миң 900 сомго чейин.
  • Дареги: Кош-Кол айылы.
  • Байланыш телефону: 0504100030.

Пикир

Оставить комментарий