• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

"Каркыра" тоо-лыжа эко-шаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Түп районунда "Каркыра" тоо-лыжа эко-шаарчасынын курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулушту баштоо иш-чарасына Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, КР Президентинин алдындагы Инвестициялар улуттук агенттигинин директору Талант Иманов, президенттинаймактагы өкүлүнун биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Түп районунун акими Каныбек Адиев жанабашкалар катышты.

"Каркыра" тоо-лыжа эко-комплексинин жетекчиси Константин Куценконун айтымында, жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги чоң тоо комплексинин курулуш иштери алты этаптан турат.

"Долбоордун концепциясында 5 миңге чейин адам эс алууга ылайыкталып, жалпы сметасы 192 млн долларды түзөт. Лыжа тебүү трассаларынын жалпы узундугу 100,7 км, асма жол 20,7 км болмокчу", - деди Куценко.

Маалыматка ылайык, комплексте саркынды сууларды чыпкалоо жана жылытуу системаларында инновациялык технологиялар колдонулат. Ал Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарына, Эл аралык экологиялык стандарттарга жана Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) талаптарына ылайыкталат.

Эске салсак, 2023-жылдын 6-декабрында президент Садыр жапаров аталган тоо комплексинин долбоору менен таанышып, курулушка мезгил кутусун салган.

Пикир

Оставить комментарий