Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Түп районунун Каркыра жайлоосунда ишембилик өтүп, таштандылар чогултулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле маараке учурунда орнотулган сахналар, таштанды челектери толугу менен алынууда.
Эске сала кетсек, 22-23-июль күндөрү Каркыра жайлоосунда чыгаан жазуучу, Кыргыз Эл баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий