• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын соту катары ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бүгүн, Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар Дүйшеев Карыбек Арстанбековичти КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын соту кызматына шайлоо маселесин карашты.

Жыйында ЖКнын тиешелүү токтому кабыл алынып, Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатасынын соту катары депутаттардын алдында ант берди.

Андан тышкары, парламент Жогорку соттун соттору А. Акыев жана Б. Бактыгуловдордун өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтом долбоорду кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий