Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдонууга 3 жумадан аз убакыт калганын эскертет.
Мындай жеңилдик КРнын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамында каралган.
Мыйзамга ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын 2022-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөн төлөөчүлөргө 100 пайызга жана карыздын негизги суммасын 2022-жылдын 31-декабрына чейин төлөгөндөргө 50 пайызга туумдар, санкциялар жана айыптар эсептен чыгарылат. 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар реструктуризациялоого жатат.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.
Пикир
Оставить комментарий