• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каржы министри сырттан бюджетти колдоо үчүн канча каражат алынганын жана алынары тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева сырттан бюджетти колдоо үчүн канча каражат алынганын жана алынары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан үч багыт боюнча – бюджетти колдоо, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо үчүн донорлорго жардам сурап кайрылган.

“Бюджетти колдоо боюнча 291,9 млн доллар Эл аралык валюта фондунан (241,9 млн доллар) жана Азия өнүктүрүү банкынан (50 млн доллар) келип түштү. Андан тышкары бюджетти колдоо үчүн жыл аягына чейин Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар тартып келүү пландалууда. Европа биримдигинен 12,2 млн доллар келери күтүлүүдө. Бул багытта дагы иштер улантылат”, - деди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, өкмөт коронавирус менен күрөшүү үчүн 56,2 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду тартып келүүдө.

“Аталган сумма боюнча көп суроолор болуп жатат. Бүгүнкү күндө 9 млн доллар медициналык жабдыктарга, чыгымдык материалдарга, медициналык калдыктарды утилизация ж.б. иштерге колдонулуп жатат. Учурда өкмөт 20 млн доллары боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашууну жана 15 млн доллар боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүүдө. Бул акча каражаттары бизге келип түшө элек. Каражаттар келип түшкөндөн кийин алар кайсы тармакка, эмне сатып алганга жумшаларын жарыялап чыгарабыз”, - деди ал.

Ал белгилегендей, мурда айтылгандай ишкерлерди колдоо үчүн аларга 14 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилет.

Пикир

Оставить комментарий