• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Каржылык мыйзам бузууну байкасаңыз кайсы жакка чалуу керек. Эсептөө палатасынын номери

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. КР Эсептөө палатасы коррупциялык көрүнүштөргө, каржылык мыйзам бузууларга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жакшыртуу, жарандардын укуктарын коргоону эффективдүү камсыздоо жана билдирүүлөргө ыкчам реакция кылуу максатында ишеним телефону тынымсыз иштеп жатканын билдирет.

КР Эсептөө палатасынын кызматкери коррупцияга аралашкандыгы же министрликтердеги, ведомстволордогу каржылык мыйзам бузуулар тууралу маалыматты Эсептөө палатасынын 996 (555) 500-985 “Ишеним номерине” чалып, кабар берсеңиз болот. Чалуу акысыз.

Эсептөө палатасынын расмий сайтында «Ишеним телефондун» номери (996 (555) 500-985) жайгаштырылган.

«Ишеним телефону» жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт, тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, келген билдирүүлөрдүн бардыгы милдетүү түрдө каттоо процедурасынан өтөт. Купуялуулук сыры сакталат. Ишеним телефонго калтырылган билдирүүлөр «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө каралат.

Пикир

Оставить комментарий