Сүйүнбек Касмамбетов: Тилди сактоо – улутту, салтты, кыргыздын улуу мурасын сактоо

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө кыргызча сүйлөө мода болуп, трендге айланышы керек. Бул тууралуу “Кыргыз тилинин бизнестеги орду” деген темадагы “Заманбап кыргыз тили 2” форумунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

“Биздин тил өлкөбүздүн аймагында гана өнүгө алат. Өз эне тилибизде сүйлөбөсөк, өзүбүз колдоп, өнүктүрбөсөк, андан ажырап калуу коркунучу бар. Бул абдан кооптуу. Тил жок - өлкө жок. Эгер жаштар эне тилинде сүйлөбөсө, кыргыз тилиндеги материалдарды колдонбосо, миллиондогон документтерди, макалаларды чыгарып дагы министрлер менен депутаттардын армиясы тилди сактай албайт”, - деди Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, өз тилин билген адам башка тилдерди ээрчибейт. Өз каада-салты барлар башкалардын каада-салтын кабыл албайт. Бул абдан маанилүү маселе. Тилди сактоо – улутту, салтты, кыргыздын улуу мурасын сактоо.

Пикир

Оставить комментарий