• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Касымалиев ЕЭК министри Барсегян менен өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү (министр) Гоар Барсегяндын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жайдагы кооперацияны стимулдаштыруу үчүн ЕЭК инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, мындан тышкары айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо механизмдери, логистиканы жана айыл чарба продукциясын экспорттоону жакшыртуу жана бул багытта ЕАЭБ алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

Адылбек Касымалиев ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында интеграциянын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал белгилегендей, агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун өзөгү болуп саналат.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБтин өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо механизмин өркүндөтүү маселеси талкууланды.

Гоар Барсегян өз кезегинде ЕЭКтин Кыргыз Республикасынын өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле өндүрүштүк базаларды модернизациялоого жана инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий