• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Касымалиев Ереванда “Жашыл Евразия” эл аралык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Армениянын Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык форуму-2024 пленардык жыйынынын алкагында "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты.

Адылбек Касымалиев сынактын жеңүүчүлөрү – "Газпромбанк" ААКсына, Борбордук Азиянын Экологиялык жана климаттын өзгөрүшүн изилдөө университетине, "Чоң үчтүк" жана "Термопол" уюмдарына, "Климаттык финансы", "Климат тармагындагы билим", "Төмөн көмүртектүү циркулярдык экономика" номинациялары боюнча сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземине Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын вице-премьер-министрлери да катышты.

Пикир

Оставить комментарий