Касымалиев Италиянын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Италиянын тышкы иштер министринин орун басары, Италия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеген италиялык делегацияны кабыл алды.

Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле эл аралык маселелер жана аймактар аралык кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев италиялык делегациянын башчысына элдин жыргалчылыгын жакшыртуу, өнөр жайды жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү жана өлкөгө алдыңкы технологияларды тартуу боюнча өлкө президенти жана министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле өлкөдөгү жеңил өнөр жайдын потенциалына өзгөчө көңүл буруп, италиялык бренд компанияларынын өндүрүшүн биздин өлкөгө киргизүүгө чакырган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары “бизнес жүргүзүү үчүн кыргыз тарап жеңилдетилген салыктарды, преференцияларды, мамлекеттик кепилдиктерди сунуштоого даяр” экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн тоо-металлургиялык потенциалына кеңири токтолуп, италиялык тарапты 2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкек шаарында өтө турган “MINEX Борбор Азия” тоо-геологиялык форумуна катышууга чакырды.

Өз кезегинде Эдмондо Чириелли анын Кыргызстанга болгон жумуш сапары кыргыз-италиялык мамилелерди активдештирүү үчүн жакшы негиз болоруна ишенимин билдирди.

Италиялык делегациянын башчысы Италиянын Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгына токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызыкчылык туудурган бир катар маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-италиялык мамилелерди мындан ары прогрессивдүү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий