Касымалиев: Натыйжалуу ишибиз менен гана калктын жашоо деңгээлин жакшырта алабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты.

Жыйындын жүрүшүндө облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары 2023-жылдагы иштин негизги багыттарын белгилеп, аймактын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Коллегиялык отурумдун жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:

  • айыл өкмөт башчыларын, акимдердин орун басарларын аттестациядан өткөрүү;
  • айыл өкмөттөрүнүн жана айылдардын чегинде облусту өнүктүрүүнүн жылдык Планын иштеп чыгуу;
  • ирригациялык системаларды тазалоо жана жазгы-талаа иштерине даярдоо иштерин жүргүзүү;
  • туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
  • «е-Кызмат», «Санарип аймак», «Инфодокс» маалыматтык системаларынын толук ишке киргизилишин камсыз кылуу;
  • региондун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, атап айтканда, базарларда жана дүкөндөрдө бааны турукташтыруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу;
  • атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны экспорттоо боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл буруу;
  • “40 район – 40 товар” программасынын алкагында 40 бренд сунуштоо;
  • аймактын инвестициялык паспортун кароого сунуштоо.

"Натыйжалуу ишибиз аркылуу гана калктын ишенимине ээ болуп, алардын жашоо деңгээлин реалдуу түрдө жакшырта алабыз», - деп жыйынтыктады сөзүн Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий