Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук саламаттык улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде акыркы күндөрү коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан метапневмовирус боюнча түшүндүрмө берди. Интернет булактары дүйнө дээрлик жаңы глобалдык эпидемияга туш болушу мүмкүн деген кабарларды жазууда. Мындан улам аталган вирус тууралуу медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбеков вирус канчалык кооптуу экенин жана аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып берди.
- Саламатсызбы? Интернетте метапневмовирус боюнча ар кандай маалыматтар айтылууда. Анын ичинде адам өмүрүнө коркунуч алып келиши тууралуу да айтылууда. Метапневмовирус канчалык кооптуу? Бул чындап эле жаңы коркунучтуу дартпы?
- Саламатсыздарбы. Жаңы катталды делип айтылып жаткан вирус боюнча айтсак, бул вирус жаңы деле эмес. Метапневмовирус 2001-жылы Нидерландыда катталган. Классификациясы боюнча бул ошол эле респиратордук вирустардын тобуна кирген вирус болуп эсептелет. Ошондуктан, бул вирус медицина үчүн жаңы деп эсептелбейт. Болгону вирустун штаммдары мурдагыга караганда патогендүү болушу мүмкүн. Ошого байланыштуу Кытайда бул вирустун көп катталганы байкалышы ыктымал. Бирок, бизде андай абал жок. Кыргызстанда жүрүп жаткан вирус катардагы, биз тааныган вирустардын бир түрү. Ошондуктан, кооптонууга жана тынчсызданууга эч кандай себеп жок.
Буга далил катары 2024-жылдын акыркы жумасындагы жана 2025-жылдын биринчи жумасынын көрсөткүчтөрүн айтып өтөйүн. Ушул жуманын башында курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган 4245 ооруган жаран катталган. Анын ичинде такталган 16 сасык тумоо вирусу катталып, интенсивдүү көрсөткүчү 60 болгон. Ал эми, өтүп кеткен 2024-жылдын аягындагы жумасында 52 сасык тумоо вирусу катталган. Анын интенсивдүү көрсөткүчү 116 түзгөн. Ошондуктан, кооптонууга негиз жок.
- Бул сасык тумоодон кантип сактанышы керек?
Азыркы сасык тумоодон сактануунун жолдорун буга чейин деле айтып келгенбиз. Бул жерде, эң негизгиси, эгерде өзүнөрдү начар сезип, оорунун биринчи симптомдору белгилүү болгондон баштап дарылануу керек. Муну менен катар мүмкүн болсо жумушка, окууга барбоо зарыл. Себеби, ооруган адам башкаларга жуктуруучу болуп эсептелет. Өзгөчө курч респиратордук инфекциялар аба аркылуу жугат. Мындан сыткары контакт жолу менен дагы бирөөгө өтүп кетүү ыктымалдуулугу жогору. Мисалы, кол кармашкандан, жакын аралыктан, жалпы колдонулган буюмдар аркылуу жугат. Эшиктин, тепкичтердин кармагычтары аркылуу дагы жугат. Жеке буюмдар аркылуу дагы жугушу мүмкүн. Көпчүлүк жерде бет кап тагыныш керек, аны бир-эки сатта алмаштырып туруу зарыл.
-Бул тумоону кантип алдын алса болот?
- Сөзсүз түрдө жалпы иммунитетти көтөргөн азыктарды жеш керек. Аны менен катар дене көнүгүүлөрүн байма-бай жасап туруу ден соолукту чыңдайт. Сергек жашоо дагы иммунитетти көтөрүп, денени чыйралтат. Өнөкөт ооруларды убагында дарылаган болсок, сасык тумоого чалдыгуу коркунучу жок. Бул вирустан сактануунун жолдору так эле грипп, курч респиратордук вирустардан сактануу жолдору менен бирдей. Жогоруда айтылгандай иммунитетти көтөрүп, ден соолукту жакшы караш керек. Оорунун биринчи симптомдору пайда болгондо эле, дарыланууну баштоо талап кылынат. Көбүнчө 5 жашка чейинки жаш балдардын жана улгайган адамдардын иммунитети алсыз болгондуктан, бат жуктуруп алуу тобокелдиги бар. Ошол үчүн ушул контингенттеги адамдарга жакшы көнүл буруу зарыл. Жөтөлүүнүн этикетин сакташ керек. Ооруган адам көпчүлүккө аралашпоо зарыл. Же тескеринче, ооруп жаткан адамдарды байкап калсаңар ал менен контакта барбоо керек. Эл көп топтолгон жерлерден алыс болгонуңуз шарт. Ушуга окшогон эпидемиялогиялык шарттарды сактоо зарыл. Колду таза кармап, антисанитариядан алыс болгула. Сырттан келгенде, сөзсүз түрдө колду самын менен жууп, коомдук жерде беткап тагынып, аны бат-бат алмаштырууга аракет жасаш керек. Витаминдүү тамак ичип, денени жылуу кармоо шарт.
- Бүгүнкү күндө өлкөдөгү медициналык жайлардын сасык тумоо менен күрөшүүгө даярдыгы кандай?
- Медициналык жайлардын даярдыгы абдан жакшы. Дары-дармектер жетиштүү, эч кандай паникага алдырбашыбыз керек. Инфекциялык ооруканага кезек күтүү болуп жатат. Мунун себеби, көбүнчө ал жерге кичинекей балдарды алып келишкендиктен болууда. Жаш балдар ооруп жатам, чыйрыгып кеттим деп айта алышпайт. Оюнга алаксып жүрө беришет. Анан дене таптары көтөрүлүп, оор симптомдор пайда болгонда гана ата-энеси жакынкы ооруканаларга барбай, инфекциялык ооруканага келишет. Балдардын дене табы көбүнчө кечкисин көтөрүлөт эмеспи, ошол маалда ата-энелер паникага алдырып жиберишет. Колдон келсе мунун барын эртерээк баамдап, үй-бүлөлүк медициналык борборлорго баруу зарылчылыгы бар. Эрте барып, кезекке кабылбай, өзүңөрдүн педиатрга, терапевтке кайрылып алдын-ала аракет кылуу зарыл. Жалгыз инфекциялык оорукана штаттык режимде иштесе дагы, азыркы маалда орун абдан тартыш. Андан сыткары Жал кичи районундагы балдар ооруканасы жана 3-чү балдар ооруканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Маектешкен Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий