• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Катар кайрымдуулук фонду Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамдын көлөмүн көбөйтөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында “Катар Чэрити” кайрымдуулук фондунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен фонддун ортосундагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык турак жайларды куруу жаатындагы долбоорлорду мындан ары кеңейтүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Башкы аткаруучу директор фонддун ишмердүүлүгү, анын ичинде Бишкектеги кеңсесинин акыркы жылдардагы иши менен тааныштырды. Ю.Аль-Куваринин маалыматы боюнча, акыркы бир нече жылда Кыргызстанга 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн.

Кулубаев “Катар Чэрити” кайрымдуулук фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жемиштүү ишине жана фонддун кыргыз элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Тышкы иштер министри маектешине жакында Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунун кесепеттери тууралуу маалымат берди.

Ю.Аль-Кувари эки тараптын ортосунда түзүлгөн кызматташтык ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, келерки жылы Кыргызстанга жардамдын көлөмүн көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан эли үчүн маанилүү долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча “Катар Чэрити” кайрымдуулук фондунун Бишкектеги кеңсеси менен тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: “Катар Чэрити” кайрымдуулук фонду 1992-жылы түзүлгөн жана Жакынкы Чыгыштагы эң ири кайрымдуулук фондунун бири. Катар кайрымдуулук фонду Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен 2003-жылы ишин баштаган. Анын Бишкектеги кеңсеси мамлекеттик жана жергиликтүү мекемелер менен тыгыз кызматташат. Фонддун Бишкектеги өкүлчүлүгү 2017-жылдын 27-ноябрында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий