• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Катарлык дарыгерлер Бишкекте угуусу начар балдарга акысыз операция жасоодо

Ден соолук 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, угуусу начар балдарга жасалып жаткан операциялардын жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдшкандй, Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат.

Мурда кол коюлган меморандумга ылайык, Катардын өкмөтү Кайрымдуулук жана Ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз мойнуна алат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов министрге угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүү жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдуулар бар экенин, ошондой эле кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо боюнча бекитилген жоболор бар экенин билдирди. Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплантация коюу боюнча 200дөн ашык балага операция жасалган.

Иш сапардын жыйынтыгында министр Катардан келген кесиптештерине ыраазычылык билдирди. "Бул операциялар биздин кичинекей бейтаптар үчүн жаңы жашоого жасалган кадам болуп саналат, биз балдарга толук кандуу келечек жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берген Катар мамлекетинин колдоосун жогору баалайбыз", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 2023-жылы министрдин профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жана кохлеардык имплантацияны колдоо комитетинин жетекчиси Саад Омран Аль-Кувари менен жолугушуусунда үч жыл ичинде 300гө жакын операция жасоо боюнча кызматташуу жана Кыргызстандын ЛОР адистерин окутуу үчүн мастер-класстарды уюштуруу боюнча пландар талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий