• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Катарлык дарыгерлер Кыргызстанда угуусу начар 200гө жакын балага операция жасайт

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри мырза менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга бекер операция жасоо маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер жасалган, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалууда.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык беш лор дарыгердин Катардын клиникаларында квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев угуусу начар балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Саламаттык сактоо министрлиги инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгилели.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий