Каза болгон аскердин жакындары анын сабалганын айтышты. Прокуратура иликтөөнү баштады

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Чек ара кызматынын 18 жаштагы аскеринин өлүмү боюнча Баткен гарнизонунун прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда бир катар зарыл экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын негизинде чечим чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.

Жоокердин жакындары ЖМКга анын денесинде ур-токмоктун издери бар экенин, анын буга чейин ден соолугунда эч кандай көйгөй болбогонун билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий