Казакбаев деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 23-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Казакстандын вице-премьер-министри Мухтар Тлеубердинин төрагалыгы астында уюштурулган деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын президенти Абдулла Шахид, БУУнун Башкы катчысынын орун басары - Эң аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп жаткан кичи арал мамлекеттер боюнча жогорку өкүлү Кортни Раттрей, ошондой эле ФАО, ЮНИДО, ЮНКТАД жана ЭСКАТО уюмдарынын жетекчилери катышты.

КР ТИМ башчысы өз сөзүндө, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн Вена аракет программасын ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын милдеттенмесин ырастады.

"Руслан Казакбаев ошондой эле жакында Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу аяктай турганын белгиледи. Кыргыз тараптын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна катышууга кызыкчылыгы билдирилди", - деп айтылат маалыматта.

КР тышкы иштер министри жолугушуунун катышуучуларын логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды курууда көп кырдуу кызматташууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун Декларациясы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий