• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Казакбаев Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери талкууланып, егизги көңүл Кыргызстанга түрк инвестицияларын тартуу, жаңы технологияларды жана билимдерди киргизүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарларда бизнес-форумдарды уюштуруу маселелерине бурулду.

Элчи Казакбаев Рыфат Хисаржыклыоглуна жана анын командасына Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан коюлган экономикалык демилгелерге дайыма боордоштук колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге кыргыз ишкерлери туш болгон, атап айтканда банк тармагындагы көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча мындан аркы активдүү кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий