• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Казакбаев Тажикстандын өкмөт башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кечээ, 19-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Казакбаев КР премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун саламын жолдоп, Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тууралуу айтып берген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакбаев, Кыргызстан мамлекеттер ортосундагы маселелерди тынчтык, дипломатиялык жол менен чечүүгө умтуларын билдирген. Аны менен бирге ал тажик тарапты эки өлкө ортосундагы тактала элек чек ара тилкелерин өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде тактоо иштерине көңүл бурууга чакырган.

Расулзода соода жана товарларды ташууда эки тарап үчүн оңтойлуу жана өз ара пайда алып келе тургандай шарттарды түзүү керектигин белгилеген. Бул багытта келерки жылдын башында Бишкекте өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин маанилүүлүгү белгиленген.

Казакбаев, Кыргызстан Тажикстандын суу пайдалануу маселелерине дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу аракеттерине жогору баа берерин жана аны колдорун билдирген.

“Тажикстандын өкмөт башчысы суу маселелери боюнча эки тараптын пикири бир экенин белгилеп, эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Арал деңизин сактоо боюнча эл аралык фондду реформалоо маселесин бергиликте көтөрүп чыгууга даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий