• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакбаев жана БАЭнын экономика министри эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Экинчи Анталья Дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө өз ара кызыкчылыкты ырастап, министр Казакбаевдин 2022-жылдын март айында Бириккен Араб эмираттарына (БАЭ) жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү, саясий диалогду күчөтүү, сооданы көбөйтүү, инвестиция тартуу, келишимдик-укуктук базаны жакшыртуу жөнүндө сүйлөшүштү. Атап айтканда, 2022-жылы боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштар тастыкталды.

Кыргыз-эмират өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүүнүн параметрлери аныкталды. БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марринин пландалган иш сапарынын алкагында Кыргызстанга БАЭнин бизнес-делегациясы В2В иш-чараларын өткөрүү үчүн келет. Кыргызстан-БАЭ Ишкерлер кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасы менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун жана бул жаатта бир катар биргелешкен иш-чараларды практикалык ишке ашырууну талкуулоо үчүн эксперттик жолугушуулар өткөрүлөт (айыл чарба, энергетика, туризм жана башка бир катар тармактардагы долбоорлор).

Кызматташтыкты активдештирүү боюнча аныкталган багыттын негизинде министр Казакбаев кыргыз-эмират инвестициялык фондун түзүүнү, КР транзиттик дараметин өнүктүрүү жана эмират тараптын мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, саламаттык сактоо жана жашыл экономиканын негиздерин киргизүү жаатында бай тажрыйбасын пайдалануу аркылуу жарандык авиация чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуш кылды.

БАЭнин экономика министри эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана соода-экономикалык жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен пландарды ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Ал эмират тараптын кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдыгын белгиледи. Заманбап дүйнөнүн экономикаларынын өз ара тыгыз байланышын жана өз ара көз карандылыгын баса белгилеп, тараптар кырдаалдын өнүгүшүнө өз божомолдорун билдирип, санкциялардын терс кесепеттерин азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, өз ара көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий