Казакстан 31-августтан тартып карантин чараларын жумшартат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Казакстан бийлиги 31-августтан тартып карантин чараларын дагы жумшарта турганын кабарлады. Июлда вирустук пневмония менен коронавирус кайра өрчүгөн маалда карантин күчөтүлгөн эле.

Дүйшөмбүдөн тарта диний объектилер, маданий жайлар, машыгуу залдары, бассейндер, спорткомплекстер иштей баштайт. Мындан тышкары улуттук парктар жана коркуктар да ачылат, бирок бир топто 15 кишиден көп болбошу керек жана беткап режимин сактоо зарыл. Өкмөт шаар аралык каттамдар да калыбына келерин билдирүүдө.

Казак бийлиги вирус жайылган маалда карантин чараларын күчөтүү менен ооруну 10 эсе азайтууга мүмкүн болгонун билдирүүдө.

Казакстанда эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу карантин 5-июлда кайрадан күчөтүлгөн. 17-августта чектөөлөр акырындык менен алынып, соода борборлору, сулуулук салондору иштей баштаган.

Пикир

Оставить комментарий