Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү байланыштырган унаа жолун курууга даяр

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Казакстан Алматы облусу менен Ысык-Көлдү байланыштырган унаа жолун курууга даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиевдин жолугушуусунда айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 30-майда Бишкек шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешип, экономика тармагындагы бир катар маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле алар Казакстандын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык объекттерин иштетүү жана реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Казакстандын каржы министри Такиев казак тарап Алматы облусун Ысык-Көл облусу менен байланыштырган автожолду курууга даярдыгы жөнүндө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий