• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Казакстан Караганды шаарында өндүрүлүп жаткан «Спутник V» вакцинасын каттоодон өткөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Караганды шаарында өндүрүлүп жаткан коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы Казакстанда каттоодон өттү. Бул тууралуу өлкөнүн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик тобу вакцинанын каттоо досьесинин материалдары менен таанышып чыгып, анын коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу корутундусун 13-февралда чыгарган.

Казакстан «Спутник V» вакцинасын өз аймагында колдонуу үчүн жактырган дүйнөдөгү 27чи өлкө болуп калды. Бүгүнкү күндө бул вакцина Россиядан тышкары Беларуста, Аргентинада, Сербияда, Алжирде, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, БАЭде, Иранда жана башка өлкөлөрдө каттоодон өткөн.

Казакстанда калкты «Спутник V» менен жапырт эмдөө иштери бул вакцина өлкөдө каттоодон өтө электе, 1-февралда башталган.

Караганды фармацевтикалык комплекси февралдын аягына чейин 90 миң доза «Спутник V» вакцинасын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий