• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында электрондук кезек киргизилмекчи

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына электрондук кезек киргизилмекчи. Бул тууралуу “Казтаг” маалымат агенттиги жазды.

"Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары – Финансы министринин 2023-жылдын 27-июнундагы №707 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйругунун негизинде "Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды өткөрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" долбоорун иштеп чыкты. Долбоорду кабыл алуунун максаты - Кыргызстан менен чек арадагы автоунаа өткөрүү пункттарында электрондук кезек тутумун кеңейтүү", - деп айтылат маалыматта.

Электрондук кезекти төмөнкү пункттарда ишке ашыруу пландаштырылууда:

  • Жамбыл облусу боюнча : Айша-Биби, Аухатты, Карасу, Кордай, Сартөбе, Сыпатай батыр;
  • Алматы облусу боюнча: Кеген.

Долбоор үстүбүздөгү жылдын 23-декабрына чейин коомдук талкуу үчүн жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий