• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Казакстан президенти Түркмөнстанга барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Казакстан президентинин Түркмөнстанга боло турган сапарын эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Рашид Мередов менен Мухтар Тлеуберди телефондо талкуулады. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстан Тышкы иштер министрлиги телефондук сүйлөшүүнү түркмөн тарап демилгелегенин белгиледи.

28-апрелде Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди Түркмөнстанга чакырган. Телефондук сүйлөшүү учурунда Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан Түркмөнстандын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү экенин айткан.

Президенттер соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүп, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга макулдашкан.

Казакстан президенти Түркмөнстанга качан барары так айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий