• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Казакстанда 82 миңден ашык мигрант административдик жоопкерчиликке тартылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Казакстанда 82 миңден ашык мигрант административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Сенаттын депутаты Бибигул Жексенбай “Казтаг” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“2024-жылы биздин өлкөнүн мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын саны кыйла өскөн. 82 миңден ашык мигрант административдик жоопкерчиликке тартылып, дээрлик 1,2 миң иш берүүчү чет өлкөдөн келген жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланган”,-деп белгиледи депутат.

Анын айтымында, Казакстанда мыйзамсыз миграциянын өсүшү коомдук стабилдүүлүккө жана коопсуздукка коркунуч келтирген негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

“Жасалма документтер колдонулуп, мигранттар батирлерде мыйзамсыз жашап келишет. Казакстанда иштеген 13,2 миң чет элдиктин көбүнүн иштөөгө уруксаты жок, бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып, эмгек рыногундагы тең салмактуулукту бузуп жатат”,-деди ал.

Ошондой эле ал чет элдик жарандардын жүрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү, эмгек мигранттарын легалдаштырууну өнүктүрүү жана мыйзамсыз миграцияны жана чет элдиктерди эксплуатациялоону уюштургандарга жазаны күчөтүү керек экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий