• 87
  • 90.63
  • 0.79

Казакстанда адамдын органдарын сактоочу аппарат иштелип чыгууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Казакстандын кардиохирургдар тобу органдарды трансплантациялоо үчүн убактылуу сактоочу аппаратты түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Долбоордун алкагында адистер согуп жаткан жүрөктү, дем алуучу өпкө жана боорду сактап калуу үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгууда. Буга чейин илимий изилдөөлөрдө денеден тышкаркы жүрөктүн иштешин 29 саат бою кармап туруу, андан кийин ийгиликтүү трансплантациялоо мүмкүн экендиги далилденген.

Бүгүнкү күндө бир гана аппарат – TransMedics компаниясынан Америкалык OCS системасы органдардын жашоо жөндөмдүүлүгүн коопсуз жана натыйжалуу сактоого мүмкүндүк берип келген.

University Medical Center Корпоративдик Фондунун кардиохирургия клиникалык академиялык бөлүмүнүн директору Тимур Лесбековдун айтымында, аппаратта органдарды 24 сааттан кем эмес жашоого жөндөмдүү абалда кармоого болот.

"Америкалык компаниянын аппараты менен биздин аппараттын айырмачылыгы бар. Биздин аппаратта органды узак мөөнөттүү сактоого болот. Ошондой эле америкалык аналогдон айырмаланып биздин аппаратта организмден тышкары жашоо активдүүлүгүн сактоодо органды дарылоо мүмкүнчүлүгү каралган. Биз органдарды аппаратта сакталып турган учурда эле көзөмөл жүргүзүп, даарылай алабыз”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда органдарын алмаштырууга муктаж 4 103 бейтап кезекте турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын миңдеген бейтаптар керектүү трансплантацияны алууга жетишпей каза болушууда.

Пикир

Оставить комментарий