Казакстанда акыркы суткада 15 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 15 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 4, Алматы шаарында – 6, Акмоло облусунда – 1, Алматы облусунда – 2, Чыгыш Казакстан облусунда – 1, Костанай облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 305 миң 229 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий