Казакстанда акыркы суткада 22 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 22 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1, Алматы шаарында – 8, Алматы облусунда - 1, Атырау облусунда - 1, Чыгыш-Казакстан облусунда – 2, Караганда облусунда – 1, Костанай облусунда - 2, Мангистау облусунда – 1, Павлодар облусунда - 1, Түндүк-Казакстан облусунда – 4 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 304 миң 983 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий