Казакстанда акыркы суткада 369 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 369 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 74, Алматы шаарында – 31, Шымкент шаарында – 3, Акмоло облусунда – 39, Актөбе облусунда - 3, Алматы облусунда - 11, Атырау облусунда – 6, Чыгыш-Казакстан облусунда – 14, Жамбыл облусунда – 4, Батыш-Казакстан облусунда –2, Караганда облусунда – 70, Костанай облусунда _ 8, Кызылорда облусунда – 3, Мангистау облусунда – 4, Павлодар облусунда – 44, Түндүк-Казакстан облусунда – 50, Түркстан облусунда – 3 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 983 миң 663 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий