Казакстанда Азия соодасы менен маданиятын бирге алып жүргөн ассоциация түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Астанада Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү ассоциациясы түзүлдү. Анын курамына профессор Дүйсен Касеинов, Эл аралык мамилелер боюнча, коргоо жана коопсуздук комитетинин катчысы Дархан Кыдырали сыяктуу белгилүү мамлекеттик, коомдук, саясий жана маданият ишмерлер кирди. Бул тууралуу аталган бирикмеден билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы ассоциация бизнес, ишкердик жана маданият багытындагы мамлекеттик программаларды колдоого алат. Ошондой эле бирикме Казакстан менен Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнес келишимдерин арттырган, ишкер байланыштарды жана биргелешкен маданий эл аралык долбоорлорду ишке ашырган “алтын көпүрөгө” айланууну максат кылууда.

Талкуунун жүрүшүндө мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү Дархан Кыдыралы ассоциациянын стратегиялык концепциясы боюнча пикирин билдирди.

"Соода менен маданиятты бирге алып баруу чечими абдан туура. Себеби, Улуу Улустун тушунда Алтын Ордонун жана Борбордук Азиядагы башка ири мамлекеттердин кыйроосуна негизги себептеринин бири Жибек Жолунун токтоп калышы менен байланыштуу. Чыгыштан Батышка кербен жолдорунун, соода-сатык жана барыш-келиштин токтоосу - алп мамлекеттердин маданий өнүгүүсүн, экономикасын жана саясий жүрүштөрүн да алсыратты. Бүгүнкү мезгилге келсек, мамлекет башчысы эл аралык деңгээлдеги соода интеграциясына, аймактын өлкөлөрү жана Азия өлкөлөрү менен тыгыз алака түзүүгө чоң көңүл бурууда. Парламенттин Сенатында бул азиялык багыт боюнча бир нече мыйзам актылары талкууланып, жактырылып, президентке кол коюуга жөнөтүлдү", - деди Дархан Кыдыралы.

Мындан сырткары ассоциация эл аралык деңгээлдеги масштабдуу иш-чараларды маселен, көргөзмөлөрдү, форумдарды, конференцияларды, фестивалдарды өткөрүүнү колдой тургандыгы белгиленди. Бул ирет ассоциациянын биринчи отуруму өтүп, анда төрагалыкка чет өлкөлөрдөн да мүчөлөрдү катыштыруу керек деген сунуштар айтылды.

"Мен бүгүнкү стратегиялык концепция абдан чоң жана маанилүү документ деп ойлойм. Ассоциациянын алдында чоң максат бар. Албетте, өлкөнүн имиджи, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат, муну ушул жерде отурган баарыңыздар билесиздер Президиумдун ишеним актысын Казакстан-Азия соода жана маданиятты өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Канат Бейсекке бизден каалоо жана бата катары тапшыргым келет. Ал элчилерге жаңы өлкөгө келгенде жана өз милдеттерин баштаганда “Ишеним Грамотасы” берилет эмесби. Ошондуктан биздин бул грамотабыз символикалык грамота», - деди Дүйсен Касеинов.

Алдыдагы убакытта ассоциациянын салтанаттуу бет ачарын өткөрүү да пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий