Бишкек, 10.01.22 /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү, - деп билдирет "Казинформ" маалымат агенттиги.
Билдирүүгө ылайык, Казакстандын бир катар региондорунда орун алган акыркы окуяларга байланыштуу казак президенти Касым-Жоомарт Токаев 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоону чечкен. Бүгүн өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий