Бишкек, 25.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Казакстандын Актау шаарында Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан учак кулады. Бул тууралуу Казакстандын “Казинформ” маалымат агеттиги жазды.
Маалыматка ылайык, бул "Азербайжан аба жолдоруна" таандык учак болгон. Экипаж кырсыктын алдында конууга уруксат сураган.
Бортто 67 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.
Окуянын чоо-жайы такталууда. Бул боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий