• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстанда бир суткада 2290 кишиден коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 398, Алматы шаарында - 610, Шымкент шаарында - 53, Акмоло облусунда - 108, Актөбе облусунда - 105, Алматы облусунда - 283, Атырау облусунда - 110, Чыгыш-Казакстан облусунда - 33, Жамбыл облусунда - 53, Батыш-Казакстан облусунда - 118, Караганда облусунда - 205, Костанай облусунда - 31, Кызылорда облусунда - 35, Мангистау облусунда - 37, Павлодар облусунда - 48, Түндүк-Казакстан облусунда - 36, Түркестан облусунда – 27 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 271 миң 809 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий