• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Казакстанда бир суткада COVID-19 74 кишиден аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада COVID-19дун 74, «коронавиустук пневмониянын» 34 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу 12-октябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жекшемби күнү коронавирустан үч, COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан «коронавирустук пневмониядан» бир бейтап каза болду. Мындан тышкары COVID-19дан 84, «коронавирустук пневмониядан» 23 киши айыгып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө коронавирус жуктургандар 108 831 кишиге жетти. Бийлик августтан бери өзүнчө эсептей баштаган «коронавирустук пневмонияга» 34 909 киши кабылды.

Марттын ортосунан бери Казакстанда коронавирустан 1768 бейтап каза болду. Мындан тышкары анализи таза чыккан 368 бейтап пневмониядан көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий