• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстанда коронавирус бир суткада миңден ашык кишиден аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада 1088 киши коронавирус жуктурганы лабораториялык жол менен аныкталды.

Мындан тышкары 15 кишиге «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлду. Булар ПЧР тести таза чыгып, бирок коронавирустун белгилери болгон жарандар.

COVID-19дун жаңы катталган учурлары боюнча Алматы алдыда. Өлкөнүн ири калаасы эсептелген бул шаарда 380 жаңы учур катталды. Экинчи орунда 152 учур менен Нур-Султан шаары турат.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандар 235 095ке жетип, 2 941 бейтап каза болду. Бул статистикага «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлган жарандар киргизилген эмес,казак бийлиги 1-августтан тартып аларды өзүнчө эсептей баштаган. Ага ылайык, 50 146 киши «ковид типтүү пневмонияга» кабылып, алардын 667си көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий